Menu

Артыков ким?

Бөлүшүү:

–Адам баласынын кыялы ар түрдүү болот эмеспи. Бири кичипейил адамгерчиликтүү болсо, экинчиси текебер, ит кыял, кызматка отурса эле, чокчоңдоп чыга келишет. Ток этээр жерине келсек. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, бак отургузуу ишембилигинде президент баш болуп, депутаттарга чейин баары тазалыка чыгышканы эсиӊиздерде болсо керек.

Ал учурда, Анвар Артыков деген бир эргул жол тандабас унаасын эл өтө турган тарапты тосуп коюуга мумкун эмес экенин билип туруп, токтотуп койгону социалдык желеде бир топ талкууга кабылган. Эл өкүлү аталып, элдин ишенчин актайм деп келген, Анвар мырзанын кылыгы бул болуп отурат. Эми мындай макул, балким шашып атып же орун жок болгонунан койгондур. Бирок, жол сакчылары келип, байке документиңизди текшерип коелу, бул жерге койгонго уруксат берилген эмес деп, тушундуруп жатышса. Мыйзамга баш ийбестен эшигин катуу жаап кетип калганына өзүбүз деле күбө болбодукпу.

Артыков ким өзү? – десеңиз, Бакиевтен бери келе жаткан, жең ичинен сатылып коомдун эмес, колкосунун камын ойлогон неме. Болоору го болду дейли, жок дегенде айып пулду төлөп, мамлекетке миллион төлөбөсө дагы миң сомун берип койсо, депутатыктан оодарылып же бир жери кемип калмак эмес. Тескерисинче элде жакшы ой жаралып, азда болсо ишеним арттырмак. Айталы дегенибиз Анвар акабыз, айып пулду төлөй албайм деп качарын го качты.

Бирок, элдин атынан Жогорку Кенешке отуруп, мыйзам чыгаруу жагын жакшы түшүнгөн киши катары, кичине эл алдынан өтүп, кечирим суроо деген болот кыргызда. Ошондо даражаң көтөрүлөт деп коет. Кылган ишиңе жооп берип, кетирген күнөөсүн тааный албаса, анда байкуш биз, тунган экенбиз да. Ушундай кем акыл, билимсиздерге…

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: