Бүгүн, 15-августта КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты. Салтанаттан кийин президент чек арачы аскерлер менен кошо аскердик ашканадан даам татып, чай ичип, андан кийин чек арачы офицердин үйүнө баш багып, нан ооз тийип чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ