Menu

Алматы соту Дамирбек Асылбек уулунун жазадагы мөөнөтүн узартты

Бөлүшүү:

Алматы соту Кыргызстан жараны, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты.

Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон.

Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды – Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду камакка алуу чечимин чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан “чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет” деп шек санаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту да бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

Жамбыл облустук прокуратурасы буга чейин “Азаттыктын” казак кызматына Дамирбек Асылбек уулунун кайда экенин жарыялоодон баш тарткан. Облустук прокуратура Кылмыш-процессуалдык кодекске таянуу менен тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: