Орусиянын Астрахан облусундагы окуу жайларга тапшырып, ижарага батир алып жашоого аргасыз болгон түркмөнстандыктар каттоого турууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Орусиядагы кабарчысы билдирди.
«Окуу жайлардын Чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмдөрү батир ээси менен аны ижарага алган студенттин ортосунда түзүлгөн келишимди талап кылышууда. Андын тышкары батир ээлери дагы окуу жайга келип кетиши керектигин айтып жатышат», — деди ал. Кабарчынын айтымында, бул талап аз гана убакыт берилген каттоого туруу жараянын оорлотууда.
Каттоого туруунун расмий эрежелерине ылайык, Орусияга барган чет өлкөлүк жаран 7 иш күндүн ичинде каттоого турушу керек.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы аталган аймакта канча түркмөн студенти бар экендиги тууралуу эки өлкөнүн бийлигинен тең расмий комментарий ала алган жок.
Түркмөн өкмөтү чет өлкөлөрдө билим алып жаткан жарандарынын саны жөнүндөгү маалыматтарды жарыялабайт. Ошондой эле бийлик менен ЖМКлар чет жактагы студенттердин көйгөйлөрү тууралуу айтышпайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ