Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Эске сала кетсек, Бишкек шаардык соту 30-июлда баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо жөнүндө Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев экс-мэрди камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирген.
Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда “270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деп айыпталып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ