Menu

Бишкектин жаны вице-мэри да коррупционерби?

Бөлүшүү:

Илгертеден зле “сенин досуң ким экенин айтсаң мен сенин ким экениңди айтып берем”,- деген учкул кеп бар. Мына, эми кызматка киришкен Азиз Суракматовдун да ким экенин билиш үчүн алыска баруунун кажети жок.

Коомчулук шаардагы “Тазалык” муниципалдык ишканасын, аны жетектеп келген Рыспек Сарпашевге кыжыры кайнап, ага чара көрүү өтүнүчү менен президентке чейин кат жазып атышкан. А Азиз эч нерсени билбегенсип, Рыспекти өзүнө вице-мэр кылып койдуруп алды. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” эмеспи…

“Тазалыктын” кызматкерлери да кызматы өйдөлөп кеткен Р.Сарпашевге нааразы болуп, кыңыр иштерин узун тизме кылып жазып алышып, жогорку даражалуу кызматкерлердин эшиктерин каккылап жүрүшөт. “Рыспек Сарпашев башкарган беш жылдын ичинде биз мыйзамсыздыкка гана дуушар болдук, ошондой эле биздин директордун оозго алгыс сөздөрү, орой мамилеси жанга батты. Ишканада коррупциялык схема гүлдөп жатат”- дешет алар.

“Мына, 5 жылдан бери 13-айлыкты беришпейт. Жумушчуларга зыяндуулук үчүн айына сүт, бир сүлгү жана самын берилиши керек, бирок жумушчулар муну алышпайт. “Тазалыкта” көптөгөн адамдар иштешет, алардын баарыныкы чогулса бул сумма эбегейсиз болот. Бул коррупциялык схема! Ишкананы Эсептөө палатасы текшерет, бирок эч качан эчтеке таппайт, анткени жетекчилик алар менен келишип алышат. Биз аларга кайрылалы десек, киргизишпейт. Короо шыпыргычтын иши оңой эмес, биз ысык-суукта иштейбиз, ал эми Сарпашев менен анын эсепчиси биздин үстүбүздөн акча жешет. Рыспек Сарпашев 2009-жылы ишканага директор болгон, ар түрдүү иштери үчүн 2010-жылы иштен бошотулган. Кантип кызматтан жаман иштегендиги үчүн куулган, шаардык кеңеште бир канча жолу айтылган киши кайрадан жетекчилиги уланта алат? Албек Ибраимовдун шаарды башкаруу доорунда ал өзүн айрыкча эркин сезип жүрдү”,- мына, чындыктын үнү ушундайча айтылууда.

Анан ушундай адамды өзүнө орун басар кылып алган Азиз Суракматов жөнүндө эмне дешибиз керек? Башынан сылап “рахмат” айталыбы… Это просто позор!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: