Menu

Жээнбековго жолуккусу келгендер жазаланды

Бөлүшүү:

Жаңы президентибиз жаңыча саясат жүргүзүп, эскинин калдыктарын жоюп, элге жакын болуп аткандыгы жашыруун эмес. Ушундай кадамдарынын бири катары өткөндө Таласка, андан кийин Ош, Жалал-Абад облусттарына баргандыгын айтсак болот. Бирок Ноокенде президентке жолукканы барып, жолугушууга кире албай калган аялдар сот жообуна тартылып, анысы аз келгенсип айыппулга жыгылышты. Анда өлкө башчысына өз маселелерин айтууга барган аялдарды милиция беш саат кармап, “коопсуздук кызматкерлеринин талабына баш ийген жок”- деген таризде жоопкерчиликке тартты. Көрсө, бул аялдар аймактык чиновниктер түзгөн тизмеде жок болуп, өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтуу үчүн барышкан экен. Аталган райондун Сакалды жана Арал айылдарынан чогулган беш аял алгач жергиликтүү бийликке президент менен жолугушуу үчүн түзүлүп жаткан тизмеге кошуп коюу өтүнүчү менен кайрылган. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы жолугушууга саналуу гана муниципиалдык кызматкерлер барарын айтып, аялдарды тизмеге кошкон эмес. Ошондуктан, Ноокен райондук соту 15-августта Сакалды айылынын тургундары, 51 жаштагы Бурулкан Ибрагимованы, 64 жаштагы Жыпархан Мусаеваны жана 47 жаштагы Махидилхан Абдимиталипованы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 371-беренеси менен (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо”) күнөөлүү деп таап, ар бирине 500 сомдон айыппул салды. Бирок, бул маалымат ММКларда жарыяланып, коомчулук тарабынан катуу талкуулана баштаганда президентрин маалымат катчысы “Айыппулду райондун акими төлөп берет…”,- деген жооп берди. Кызык, соттун чечимин аким жокко чыгарабы? Түштүктүк туугандар айтмакчы, быягы кандай болуп калат? Деги С.Жээнбековдун тегерегиндеги эски аткошчу-кошоматчылары аны атайлап элге жаман көрсөтүп аткан жокпу?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: