Menu

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандагы сапары башталды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековду түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта мамлекеттик сапар менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келип, өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппараты кабарлады.

Ашхабаддын аба майданында кыргыз президенти Жээнбековду Түркмөнстандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рүстембеков тосуп алышты. Андан соң эки президенттин расмий жолугушуусу Ашхабаддын Эгемендик аянтында өттү.

Кечинде президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет. Саммитте Кыргызстан бул уюмдун ишине байланыштуу позициясын так билдиргени жатат.

Буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарлагандай, 2009-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан, бирок Кыргызстан бул маселеде жылыш болгонун байкаган жок. Ошондуктан кыргыз тарап фондду комплекстүү реформалоону жактайт. Сыдыков президент Сооронбай Жээнбековдун Ашхабадга мамлекеттик сапарында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюларын айтты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: