Menu

Окуу жылынын алдында Түркмөнстанда китеп жетишсиздиги байкалууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда быйыл 1-класска бара турган 147 миң балага президенттин атынан «окуу компьютерлери» берилет. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары жазышты.

Мамлекеттик «ТДХ» маалымат агенттигинин кабарлашынча, күн мурун өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы окуу жылына карата даярдык тууралуу отчёт угуп, жаштардын жогорку деңгээлде билим алуусуна заманбап шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Бирок мугалимдер өлкөдөгү билим берүү системасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги маселелер, анын ичинде китептер менен билим берүү усулдарынын жетишсиздиги чечилбей жатканын билдиришүүдө.

«Эгер мугалимдер жыл башында алган китептерди чаптап, жаңылап туруп ташырбаса, анда аларга тиешелүү маалымкаттар берилбейт жана эмгек өргүүсүнө дагы чыгарылбайт», — деди ташкенттик мугалимдердин бири.

Түркмөнстанда совет мезгилиндей эле китептер окуучуларга бекер берилет. Бирок алар жаңыланбайт жана аз болгондуктан окуучулардын баарына эле жете бербейт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: