Menu

Атпай кыргыз журтунун үмүтүн жандырган – Акжол

Бөлүшүү:

Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарында балбан кыз-жигиттерибиз чоң ийгиликтерди багындырып, кыргыздын көкүрөгүн көтөрдү. Калдайган калайык калкыбыз маңдайы жарыла сүйүнүп, сыймыкка татыган азаматтарга алкышын жаадырып турган чагы. Жаштыгына карабай балбандардын арасынан жарк эткен Акжол Махмудов эр Манастын урпагы экенин далилдей алды.

Тереңирээк айтсак, грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашып, «чү» деген жерден Олимпиаданын чемпиону, кореялык Ким Хен У аттуу спортчуну 7:3 эсебинде жеңди. Андан соң өзбекстандык Билан Нальгиев деген бука моюн, буура сандуу жигит менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 6:4 эсебинде талпагын ташка жайды. Жарым финалдык беттеште түркмөнстандык Шермет Перманов менен күч сынашкан Акжол Махмудов 8 упай топтоп, атаандашын мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Финалдык бөлүктө Акжол дүйнөлүк күрөш уюмунун алдындагы мелдештерде 12 медалды мойнуна тагынган (Дүйнө чемпиондугунун коло медалын, Азия чемпиондугунун 2 жолку күмүш медалын, клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2 жолку чемпиондугун жеңген) далай жылдык тажрыйбасы бар 24 жаштагы ирандык балбан Гарей Мохамедали менен күрөшүп, күтүлбөгөн жерден алдырып ийди. Бирок, татыктуу күрөштүн жыйынтыгында күмуш медалдын ээси болду. Жалпы журтубузга сыймык алып келди. Биз Акжолдун келечекте чоң жеңишти камсыздарына ишенебиз.

Акжол Махмудов боюнча айта кетсек, 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда жарык дүйнөгө келген. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында адвокатура жана юстиция факультетинде окуйт.

Грек-рим эл аралык күрөшү боюнча адис.

• 2015-жылы Азиянын Индияда өткөн өспүрүмдөр аралык мелдешинде алтын байгени тагынган.

• 2016-жылы Азиянын Тайбэедеги мелдеште алтын медаль алган.

• 2016-жылы Грузиядагы өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк оюндарында алтынды жеңген.

• 2016-жылы Москвада өткөн өспүрүмдөр турниринде чемпион болгон.

• 2017-жылы Тайбэада өткөн Азия чемпионатында алтын тагынган.

• 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш байгени багындырган.

• 2017-жылы Стамбулда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль алган.

• 2018-жылы Азиянын чемпиондугун жеңген.

Таянаар тоосу – үй-бүлөсү. Атасы Мухаммед беш баланы эрезеге жеткирген. Учурда базарда соода-сатык менен алектенет. Акжолдун эки агасы Бексултан менен Сыймык дагы грек-рим күрөшүнүн балбандары. Карындаштары Зулфия 8-класста, Бегимай 5-класста окуйт.

Акжолду спортко атасы алып келген. 1-класстан тарта күрөшө баштаган. 8-классты бүткөндө Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине өтүп, Мейрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып келе жатат. Кармаш учурунда кооз ыкмаларды көрсөтүү жана баштан ашыра чабуу менен таанылды десек болот.

Балбан жигитибиз буга чейин 72 килограмм салмакта күч сынашып келсе, эми олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 77 килограммдык салмакка өттү. Махмудов 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утуп алары менен Ош облусундагы жердештери Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарды белек кылышкан.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: