Menu

Меркел менен Трамп Путинди Башар Асадга таасир этүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Германия менен АКШ Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн исламчыл жана жихаддык топторго каршы чабуулунан кийинки Идлиб провинциясындагы гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдирүүдө. Германиянын канцлери Ангела Меркел жана АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы кырдаалды телефондук сүйлөшүү учурунда талкуулады. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт кабарлады.
Ал ырастагандай, Меркел менен Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди Сириядагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн бул өлкөнүн президенти Башар Асадга таасир этүүгө чакырышты. Сүйлөшүүдө ошондой эле Украинадагы кырдаал да талкууланды.

Мурдараак АКШ Орусияга эскертүү берип, эгер Сириянын президенти Идлибди тартып алыш үчүн химиялык курал колдонсо ага карата “катуу аскердик сокку болоорун” билдирген жайы бар.

Учурда Сирияда президент Башар Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүнөн алыс аймактарда АКШнын эки миңдей кошуундары бар. Алар эл аралык коалициянын курамында террордук топторго каршы чабуулдарга катышат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: