“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен үй карантини 14 күнгө созулат. Азырынча карантиндин мөөнөтү өзгөргөн жок” – деп билдирди бүгүн, 11-апрель күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн брифингде.
“БДСУ тарабынан кабыл алынган алгоритм бар. Көптөгөн өлкөлөр бул алгоритмди колдонот. Адамдар азыраак байланышта болушу үчүн жасалат. Бул бир гана Кыргызстанга гана эмес, башка өлкөлөргө тиешелүү” – деп билдирди Мадамин Каратаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 339 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ