Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын рейтингинде 3-орунга көтөрүлдү. Бул рейтинг Венгриянын Будапешт шаарындагы өткөн дүйнө чемпионатынан кийин жарыяланды.
Жоламан Шаршенбеков 55 кг чейинки салмактагылар арасында 61 упай менен 3-орунга көтөрүлдү. 2-орунда 66 упай менен Жоламанды жеңип алган учурдагы дүйнө чемпиону — Азербайжандык Элданих Азизли жайгашты. Ал эми 1-орунду 79 упай менен Түркиялык Екрем Озтүрк ээледи.
Атабек Азисбеков 82 килограммга чейинки салмактык бөлүктө жаңыланган рейтингде 77 упай менен 3-орунга жайгашты. Бул салмактагылар арасында 2-орунда 78 упай менен Түркиялык Эмрас Кус болсо, 1- орунда 81 упай топтогон Белоруссиялык Виктор Сосуновский турат.
Жаңыланган рейтингдеги кыргыз балбандары
3-орунда Жоламан Шаршенбеков 55 кг
3-орунда Атабек Азисбеков 82 кг
8-орунда Каныбек Жолчубеков 60 кг
8-орунда Кайрат Түгөлбаев 77 кг
9-орунда Урмат Аматов 63 кг
13-орунда Мурат Рамонов 130 кг
19-орунда Акжол Махмудов 72 кг
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ