Кечээ социалдык түйүндөрдүн биринде Жогорку Кеңештин 30 чакты депутаттары спикер шайлоо күнү “Нават” кафесине барышып чогулганы туурасында маалымат тарады. Ал жерге Исхак Масалиев сыяктуу таанымал депутаттар да көкүрөгүндөгү төш белгилерин тагынып барышкан. Мындан сырткары эл өкүлдөрүнүн айдоочулары менен жан сакчылары обочо жерде турушкан. Маалыматта дасторкон үстү спирт ичимдиктери жана чүйгүн тамактарга толгону айтылат. Маалыматты тактай келгенде депутаттардын бири чын эле ал жерге спикер шайлоо өткөндөн кийин барышканын, спикерликке талапкер Бакыт Төрөбаев ага ишеним көрсөтүп добуш берген депутаттарга рахмат айтканын ырастаган.
Булак: “Жаңы агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ