Президенттик шайлоого катышуу ниетин эн биринчи расмий түрдө Темир Сариевдин билдиргенин эл жакшы билет. Талапкер жылдыруу съездин дагы “Ак-Шумкар” партиясы баарынан биринчи өткөздү. Эми өзүн колдогон 60 миңден ашуун адамдын колун да биринчи болуп БШКга өткөздү.
Ушундан улам, шаардагы бай-манаптардын гана сөзүн сүйлөгөн эксперттерден айырмаланып, элеттеги элдин назары Темикеге бурулуп турат. Анткени, эл биринчиден талапкер Сариевдин келаткан ажо жарышка олуттуу мамиле кылганына чындап ыраазы боло түшкөндөй. Сөзүн, өзүн алып жүргөнүнө маани беришип, “биз күткөн адам ушул эле”,- дешкен катмар көбөйө түшкөнү көрүнүп калды. Ушундан улам дүрбөлөңгө түшүп, “кокуй, бизден ашып кетти”- деген штабтар ага карата кара пиарды күчөткөнүн биз ачык эле айтып коюшубуз керек.
Дагы бир чоң жынылык – бүгүн, сиздер гезитти барактап олтурган маалда Темир Сариев кыргыз тил экзаменин тапшырат. Күрөөгө берчү бир миллиону деги эле даяр. Ошондо расмий катталган №1-талапкер Темир Сариев болобу? “Биринчи деген жакшы жышаан. Жыйынтыгында да биринчи болуп келип калышы мүмкүн”- деген кеп бекер айтылбай жатат. Ушунчалык кеткенден кийин, биринчиликти да Темике жөн эле алдырып койбостур, кандай дейсиз, азиз окурман?
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ