Menu

Аликбек Жекшенкулов: Өнөктөш мамлекеттер менен саясий, экономикалык, маданий кызматташуу жакшы нукка түштү

Бөлүшүү:

Мурдагы тышкы иштер министри, дипломатиялык тажрыйбасы күчтүү Аликбек Жекшенкулов менен президенттин Түркмөнстанга жасаган иш сапары жана Аралды сактоо маселесинин бизге кандай тиешеси бар экендиги тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

– Аликбек мырза, тышкы саясатты жакшы билген, дипломатияны мыкты өздөштүргөн инсансыз. Президенттин Түркмөнстанга барган иш сапары боюнча эмнелерди айта аласыз? Анын Түркмөнстанга барганы мамлекет үчүн маанилүү болдубу?

– Менин оюмча президенттин Түркмөнстанга жасаган иш сапары мамлекет үчүн маанилүү жана пайдалуу болду. Биринчиден, эки мамлекеттин ортосундагы саясий экономикалык маданий кызматташууга жакшы маанай түзүлдү. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

Мисалы, Түркмөнстан менен Афганистандын чек арасы чоң. Кыргызстандын коопсуздугу дагы Афганистандын абалына көз каранды болушу мүмкүн. Ошон үчүн коопсуздук маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өтө маанилүү болчу. Мына ушул жагдайларды эске алсак, президенттин Түркмөнстанга барганы туура эле болду.

Мен дагы бир маанилүү маселени окурмандарга эстетким келет, Кыргызстанга Европадан, Ирандан, Турциядан келип жаткан жүктөр Түркмөнстан аркылуу транзиттик жол менен келет. Бул жагын эске алганда дагы алар менен мамилени чыңдоо зарылдыгы жаралат. Же болбосо Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстан аркылуу газ түтүкчөсүн алып өтүү маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн. Иши кылып экономикалык кызматташууну чыңдасак зыян деле тартпайбыз. Анткени, келечекте пайдалуу долбоорлор түзүлүшү мүмкүн. Ошон үчүн президенттин Түркмөстанга жасаган сапары маанилүү жана ийгиликтүү болду.

– Аралды сактоого салым кошушубуз керекпи же ал нерсенин бизге тиешеси жокпу? Бүгүн “Аралдын Кыргызстанга пайдасы жок”- дегендер чыгып жатат го?

– Албетте, Арал маселесине активдүү катышуубуз керек. Келечекте аныны таасири биздин табыятыбызга чоң таасирин тийгизет. Негизи көп тараптуу мамилелерди алсак, Борбордук Азияда беш мамлекеттин регионалдык биримдигин, кызматташуусун чыңдоого жакшы маанай түзүлүп жатат. Алсак дагы бир маселе -Аралды сактоо фонду боюнча кызматташууну бекемдөө Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени, Түркмөнстан, Казахстандан учкан кумдун чаңы келип, биздин мөңгүлөргө отурукташып, жыйынтыгында мөнгүлөр ээрип, сууларыбыз азайып, экологиябызга терс таасирин тийгизип жатат.

– Президенттин тышкы саясатты аныктоодогу аракети мактоого таатырлыкпы?

– Мурунку бийлик тышкы саясатыбызга оор мурас калтырды. Аны коомубуз жакшы билет. Тогуз, он айдын ичинде президент Сооронбай Шарипович биздин негизги өнөктөш мамлекеттерге бир сыйра расмий сапар менен барып келди. Ал барган мамлекеттердеги жолго салынган маселелерди бардык жагынан изилдеп көрсөк, саясий, экономикалык, маданий кызматташуу жакшы нукка түшүп, ийгиликтерди жаратууда. Ошол эле Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана башка мамлекеттери менен жана эл аралык уюмдар менен мамилелер жолго салынып, өнүгүү жолуна түштү. Эми мындан ары сүйлөшүлгөн сөздөр, кол коюлган келишимдер ишке ашырылышы абзел.

– Аликбек мырза, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон эгемендүүлүк майрамы жакындап калыптыр. Эгемендүүлүккө ээ болгону мамлекетибизде алдыга жылыш, өнүктүрүүгө аракет болдубу?

– Эгемендүү мамлекет болгондон бери Кыргызстан ар кандай кыйынчылыктарга карабай, коомубуз, элибиз тез болбосо дагы өнүгүү жолуна бара жатат. Менин оюмча эң негизги биздин жарандарыбыз эркин сезүү, жеке турмушун өнүктүрүүгө, жашоо деңгээлин оңдоо аракети күч алып жатат. Азыр мүмкүнчүлүктөр дагы өсүүдө. Келечекте биздин мамлекетибиз оңолот деп ишенем. Буюрса, биз “кыргызстандыктарбыз” деп сыймыктанабыз.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: