Казакстан Мьянма өкмөтүн мусулман рохинжаларынын көйгөйлөрүнүн түпкү себептерин жоюуга күч жумшоого чакырды. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Мьянмадагы абал боюнча жыйынында Казакстандын уюмдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров билдирди.
Умаров БУУнун маалыматарына таянуу менен Мьянмада рохинжа элинин эркин жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынбаганын, алар билим алуу жана ден соолуктарына кам көрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын белгиледи. “Качкын рохинжалар коопсуздукка ээ болгондо гана өлкөгө кайтып келе башташат”, —деди ал.
Мьянма жана Бангладештин чек арасында жашаган мусулман-рохинжаларды куугунтуктоо фактларын иликтөө менен алектенген БУУнун миссиясы 27-августта атайын баяндама жарыялады. Анда Мьянма армиясынын жетекчилигине адамзатка каршы кылмыш жасоого айыпталышы керек экени айтылат. Мьянмадагы абалды бир жылдан ашуун убакыттан бери иликтеген үч эксперттен турган калыстар тобу бийликтин рохинжаларга каршы кампаниясын геноцид деп атоого болот деп эсептейт.
БУУнун эксперттери Мьянма аскерлери 700 миңдей рохинжанын мажбурлап Бангладешке көчүрүлүшү үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш экенин белгилешет. Куугунтуктоо учурунда болжол менен 10 миңдей киши мерт болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ