Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы күтүүсүз жыйын өткөрүп, 8 эле ай иштеген федерациянын президенти Жыргалбек Саматовду кызматтан алды.
Жыргалбек Саматовдун айтуусунда ал федерациянын жыйыны болорун түндө гана билген. Эрте менен жыйынга келип, акыркы 8 айда аткарган иштерин жыйындын катышуучуларына айтып берген. Анан аны кызматтан алуу маселеси көтөрүлгөндө тарапкерлери менен жыйындан чыгып кетип, ал жерде 20 чакты эле адам калып, легитимсиз шайлоо өткөрүшкөн.
Көк бөрү федерациясынын президенттигине КР УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркуловдун бир тууган агасы, “Түндүкэлектро” ААКнын төрагасы Искендер Кадыркулов шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ