Menu

Түркмөнстанда айрым жашоочулар унду колдо тарттырууга мажбур болууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда экономикалык каатчылык жана азык-түлүк жетишсиз болуп жаткан маалда Дашөгүз жана Лебап облусунун тургундары буудай сатып алып, тегирменде тарттырып, үй-бүлөлөрүн ун жана нан менен камсыздай башташты.

“Базарда ун жана нан жетишсиз. Биз будайдын килосун 7 манаттан (2 доллар) сатып алып, тегирменге алып барабыз. 20 килограмм буудайды тегирменде тарттыруу үчүн 20 манат сурашат”, – деди Дашөгүз облусунун жашоочусу.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары Түркмөнстандын түндүк облустарында акыркы эки айдан бери базарларда ун табуу дээрлик мүмкүн болбой жатканын билдиришкен. Мындан тышкары августтун ортосунда жергиликтүү бийлик Дашөгүздө ун сатуу үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизген. Эки килограмм ун сатып алуу үчүн акчасын алдын ала төлөп, кезекке туруу керек.

Түркмөн бийлиги бул боюнча комментарий берген жок. Ал гана эмес өлкө бийлиги келерки жылы 1 миллион 600 миң тонна буудай жыйноо боюнча план койду.

Бул арада Дашөгүздө ун жана нан менен бирге күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы да барган сайын кымбаттоодо.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: