Menu

Жеңилбес улакчы

Бөлүшүү:

Кайсы бир тоолордун арасында, Балыгурт аттуу кооз жайлоодо Таажы жана Толкун аттуу достор жашашыптыр. Улак тартса аттын кулагы менен тең ойногон шамдагай уландар башка курбуларынан өзгөчөлөнүп турушчу экен. Бирок, чоңдор аларды анчалык баалабай, баласынтып, оюнга да кошчу эмес. Кундөрдүн биринде чоң улак болуп, жергиликтүү улакчылар адегенде эле жеңилип калды. Алар канчалык аракет кылышканы менен кошуна айылдан келген улакчылар үстөмдүк кылды. Ошондо эл арасынан бир карыя чыгып мындай деди:

– Э, туутандар! Силер канчалык аракет кылсаңар да болбоду. Меймандар өз талааңардан утуп кетсе баарыбыз уят болобуз! Ошондуктан араңардан экөөңөр чыгып, мына бул балдарды оюнга кошпосоңор болбойт. Карыянын мындай сунушун күтпөгөн айрымдар:

“Чоң улакчылар жеңилип жатышса, бармактай балдардын колунан эмне келмек эле?” дешти. Ал эми бир тобу карыянын сөзүн туура көрүп, макул болушту. Ошентип Таажы менен Толкун күтпөгөн жерден эле чоң улакчылардын катарына кошулуп калды. Алар үчүн мындан өткөн сыймык жок эле. Кубанычтары койнуна батпай, бирин-бири жылмая карап, оюнга киришти. Улакчылар эрбейген эки баданы мыскылдай карашты. Аңгыча Таажы менен Толкун аттарын теминип, топ жарып кирди. Бүркүттөй шукшурулган Кара жаак улакчы балдарды мазактагысы келди. Ал үзөнгүсүнүн алдына басып алган улакты бошотуп, минтип кыр көрсөттү:

– Мына баатырлар! Эр болсоңор жетип алгыла!

– Аны көрө жатарбыз! – деди. Таажы эликтей туйлаган аргымакты атырылтып. Анан кыраан бүркүттөй шукшурулуп барып, тигинин колундагы улакты жулуп өттү. Аны көргөн улакчылар аттарына камчы басты.

Даяр турган Толкун күлүгүнүн башын коё берди. Ал өз курбусун улакчьыардан коргоп да, сүрөп бара жатты. Таажы болсо улакты такымына басып, тай казанды көздөй зымырады. Баятан бери аларды анчалык теңине албай турган меймандар үчүн бул күтүлбөгөн окуя болду. Алар аттарына камчы салып, балага жетип, улакты тартып алууга аракеттеништи. Бирок, Таажы менен Толкун бирин-бири сүрөп отуруп, улакты тайказандын ичине таштоого жетишти.

– Ой, ушу “бармактай” балдардан жеңилип калмак беле?! – дешти тигилер дагы эле теңсинбей. Бирок “куч атасын тааныбайт” тура. Алар баары бир балдарга жеңилип берүүгө аргасыз болушту. Ошол күндөн баштап Таажы менен Толкундун аты алыска кетти. Алардын катарына жалаң өзү теңдүү балдар чогулду. Күн сайын улак тартуу ыкмаларын үйрөнүп, машыга беришип, акыры такшалып да калышты. Көп өтпөй алар бул өрөөндөгү улакчылардын баарын жеңип алышты.

Ошентип Таажы менен Толкун баштаган балдар “жеңилбес улакчылар” деген сыймыкка ээ болушту.

Булак: «Тамчы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: