Menu

Белгилүү дин аалымы эл сыймыгына ээ болууда

Бөлүшүү:

Биздин гезит менен ар убак үзбөй иштешкен Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев ушул күндөрү кичи мекени Кочкордун Шамшы айылына үзбөй каттап, үлгүлүү иш жасап жаткандыгы кубандырууда, Элибизди, айрыкча жердештерин ыймандуулукка ооз жүзүндө гана үндөбөстөн, Шамшы айылындагы спорт зал баштаган жайларга колунан келишинче көмөгүн көрсөтүп, айылдаштарынын жеңилин жерден, оорун колдон алуу жагынан үлгү жаратып, киндик каны тамган аймагына жакшы иштерди жасап жаткандыгын Алла ыраазычылыгы үчүн тизмектеп, адилеттүү пикир катары белгилеп коёлу. Жердештеринин арасында кадыры бийик агасы Аралбек Абдрасуловду аркабел кылып, айылдаштары үчүн экөөлөп алгылыктуу иштерди аркалап келишкенин Кочкордун үлкөндөрү сөз кылышууда. Кичи мекенинде тууганына кадыры жокторго караганда, ушундай азаматтарды колдоп койсок, карапайым элге деле жагат да.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: