Menu

Орусия Мамдума депутаты Иосиф Кобзон көз жумду

Бөлүшүү:

Советтик жана орусиялык ырчы, коомдук ишмер, СССР Эл артистти Иосиф Кобзон 81 жашында Москвада көз жумду. Бул маалыматты “Интерфакс” агенттигине маркумдун жубайынын жардамчысы тастыктады.

2005-жылы Кобзондун онкологиялык ооруга чалдыкканы аныкталган. Акыркы айларда анын абалы начарлаганы кабарланган. Ал 26-июлда ооруканага жаткырылган, бирок 7-августта ага үйүндө жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Кобзон эстрадалык ишмердүүлүгүнөн тышкары Гнесин атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта сабак берген.

1990-жылы ал СССРдин Жогорку Кеңешинин, 1997-жылы Орусия Мамдумасынын депутаты болуп шайланган.

2014-жылы мартта Иосиф Кобзон Орусия президентинин Крымга карата саясатын колдоо боюнча маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Андан кийин өзүн-өзү Донецк жана Луганск республикалары деп жарыялаган аймактарга барган. ЕБ, АКШ, Канада жана Украина Кабзонду санкциялык тизмеге киргизген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: