Menu

Макрон Мирзиёевди Парижге чакырды

Бөлүшүү:

Франция президенти Эммануэль Макрон Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамынын 27 жылдыгы менен куттуктады. Салтанат жыл сайын 1-сентябрда белгиленет. Мындан тышкары Макрон эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө жолдорун талкуулоо үчүн Мирзиёевди Парижге чакырды.

«Франция менен Өзбекстандын жакындашуусун колдойм. Эки тараптуу соода жүгүртүүнү арттыруудан тышкары быйыл саясий диалог дагы бекемделет деп ишенем. Сизди Парижде боло турган расмий сапардын алкагында күтөм», – деп айтылат Франция президентинин куттуктоосунда.

Буга чейин өзбек ММКлары Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Францияга октябрда барарын жазган.

Сапарды сапаттуу деңгээлде өткөрүү үчүн “жол картасын” бекитилген.

Июлда Парижде Өзбекстандын Франциядагы алгачкы соода үйү ачылган. Анын башкы максаты өзбек товарларын Францияга жана башка Европа өлкөлөрүнө таанытуу болуп эсептелет. Мындан тышкары Франция өзбек коону менен анарына киргизген чектөөлөрдү алып салган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: