Трамп мындай кадамга демократтардын өтүнүчүнөн улам барганын айтты. Президент эгер Конгресстеги эки партия түштүк чек арадагы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун таппаса, эки аптадан кийин план ишке ашарын эскертти.
Президенттин администрациясы муну менен кошо Борбор Азиядан келген миранттарга башпаанек берүү шарттарын татаалдаштыруу жана аларды өлкөдөн чыгаруу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча демократтардан уруксат алуу аракетинде. Демократтар муну “адамкерчиликсиз” деп атап, талаптарды четке кагып келет.
Кийинки аптада Конгресстин эки палатасында тең атайын жайларда кармалган мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн төрт жарым миллиард доллар бөлүү боюнча резолюция кабыл алуу пландалган.
Эгемендүүлүк майрамына байланыштуу Конгрессте иш үзгүлтүккө учурап, резалюция иштеп чыгууга убакыт жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Май айында Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө укукгу жок 129 миң мигрант кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ