Menu

Президент Жээнбеков бир жылга жетпеген убакытта баардык кошуналар менен мамилени жакшыртып, карым-катнашты тереңдете алды

Бөлүшүү:

Эзелтеден эле элибиз, коңшу жашаган элдер менен сый мамиледе болуп аларга өзгөчө көңүл буруп келген. Андыктан Кыргызстан үчүн коңшулар менен жылуу жумшак мамиледе болуу стратегиялык жактан да абдан маанилүү болуп саналат. Бул жааттан алып караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун коңшу мамлекеттер менен болгон мамилени жакшыртууга болгон иш аракеттери көңүл жылытаарлык.

Мамлекет башчыбыздын тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүүсүнүн натыйжасында 1-2-сентябрда жергебизге Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын расмий иш сапары менен келиши күтүлүүдө. Аталган иш сапарда бир топ маанилүү эки тараптуу кызматташтыктар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Эрдоган мырза III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында да сыйлуу мейман болот деп маалымдалууда.

III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин келүүсүн коңшу өлкөлөрдүн жылуу мамилесинин жемиши катары сыпаттоого болот.

Ал эми 3-сентябрда Бишкекте Түрк өлкөлөрүнүн президенттеринин Кеңеши өткөрүлөт. Бул иш чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Туркия мамлекет башчылары катышат. Өзбекстандын, Түркмөнстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри ардактуу конок катары келет деп күтүлүүдө.

Ill дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жакынкы жана алыскы мамлекет жетекчилеринин конок катары катышуусу – Кыргыз элин сыйлагандыгынын белгиси. Өз кезегинде бул көчмөндөр оюндарын популярдуулугун арттырууга да таасирин тийгизери шексиз. Жалпылап айтканда, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде ажобуз баардык кошуналар менен мамилени жакшыртып карым-катнашты тереңдете алды. Бул элибиз үчүн зор утуш. Анткени: «алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» эмеспи.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: