Тажикстан Улуттук банкы акча которуулар менен алектенген орусиялык үч каржы мекемесинин лицензиясын узартты.
“Төлөм борбору”, “Киви Банк” жана “Юнистрим” коммерциялык банкы акча которуу, төлөм карталары жана башка банк операцияларын жүргүзүүгө уруксат алды.
Өлкөдө “Золотая корона”, CONTACT жана “Юнистрим” төлөм системалары дагы үч жыл иштейт.
Быйыл майда Тажикстан коммерициялык банктары “Юнистрим” (Unistream) акча которуу системасынан баш тартышкан. Себептери ачыкталган эмес.
Тажикстан Улуттук банкы болсо бул системанын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда тоскоолдук жаратпаганын билдирген.
Буга чейин Тажикстан улуттук банкы жергиликтүү банктардын орусиялык акча которуу системалары менен иштөө тартиптерин каатаалдаштырган. Мекеме муну Тажикстан банк системасынын коопсуздугун камсыздоого багытталганы менен түшүндүргөн. Бирок банк кызматкерлери талаптарды аткаруу оор экенин, акча которууда алына турган төлөм кымбаттай турганын, бул болсо эмгек мигранттары үчүн кошумча чыгым болорун айтышкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ