Menu

Жусуп Абдрахманов ХХ кылымдагы кыргыз элитасынын арстаны

Бөлүшүү:

Редакциядан: “Жок, андай эмес” десеңер, анда кимиңер Жусуптай боло алдыңар эрендер? Ушундайда, өлкөдө болуп жаткан кырдаалда эгемендүү Кыргыз мамлекетин түптөгөн Ж. Абдрахмановдун асылдыгын, кеменгерлигин, анан анын аргасыздан “Менин шордуу элим!” деп жазганын эстейт экенсиң…

Замандын оомалуу төкмөлүүлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган та­рыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрах­манов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен арекет­тенген. Ал 1926-жылы кырыздардан эң алгачкылардан болуп Россия комму­нисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Кремлде) бөлүмдүн баштапкы партиялуу уюму­нун секретары болуп иштеген. Андагы партиялык уюмда ошол кездеги СССР­ди башкарып турушкан И. В. Сталин, В. М. Молотов, К. Е. Ворошилов жана башкалар болгон. Жусуп Абдрахманов­дун тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жа­лы бар, оозунда оту бар, көк жал экен­дигин анын Сталинге жазган каттары, Түркестандын, Кыргызстандын парти­ялык уюмдарынын Орто Азиялык, ре­спубликалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган күндөлүгүндөгү, райондук, обла­стык, Россиялык жана бүт Советтер Сою­зунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт!

1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл коммиссарлар Советинин төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жан­дуу күрөшүнүн туу чокусу болгон. Анда ал болгону 26 гана жашта болчу.

Кыргыздардын өз алдынча мамлекет болуу үмүтү кылымдардан бери бирин­чи жолу 1924-жылы 18-октябрда РСФСР­дин курамында уюшулган Кара-Кыргыз автономиялык облусу болгон. Орто Азия элдеринин ортосунда улуттук бөлүнүү, алардын ортосундагы чек араларды так­тоо айгышкан талаш тартыштардын, элдешпестей күрөштөрдүн болушу ме­нен коштолгон. Ошого карабастан, Ка­ра-Кыргыз автономиялык областынын РСФСРдин курамына кириши “улут­тук бөлүнүүгө” кыргыздардын уруулук бөлүнүшүнө карабастан, Бирдиктүү бүтүндүккө айланышына, туруктуу ай­магы болгон экономикалык, маданий жалпылык болуу менен мамлекеттүүлүк­түн советтик түрлөрүнүн жогорку дең­гээлине- республикага жана союздук республикага айлануу мүмкүнчүлүгүнө эшик ачылган. Мындай болоорун ошол кездеги партиялык –мамлекеттик эли­танын арасынан Жусуп Абдрахманов ачык түшүнгөн жана акылын, күчүн, партиялык тажырыйбасын, кызматка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошо­ну ишке ашыруу үчүн күрөшкөн! Ара­дан 16 ай өткөндөн кийин, 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономиялык об­ласты (“Кара Кыргыз” деген түшүнүк 1925-жылдын май айынын аягында алынып ташталган) Кыргыз автономи­ялык Советтик Социалисттик Республи­касы болуп кайра түзүлгөн жана анын өкмөтүнүн төрагалыгына Жусуп Абдрах­манов дайындалган. Республикалык наам мамлекекттүүлүктү жаңы деңгээ­лге көтөрүү менен мамлекттин сапат­тарына, атап айтканда Конституцияга, башкаруунун мамлекеттик уюмдарына, жарандардын укугун, эркиндигин аны­ктоого жана улуттун бүтүндүгү катары өнүгүшүнө ээ болгон.

Дагы да кайталагыбыз келет, Жусуп Абдрахманов Кыргызстандын өткөн кылымдагы 20-30-жылдардын аралы­гында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруу­чулук таланты менен өз элинин баку­батчылыгына жана улуттун мамлекет­түүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий зал­кар ишмер болгон. Муну эч ким тана албайт! Кеменгер Жусуп профессионал­дык жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айыр­маланат. Анын Кыргыз улуттук мамле­кеттүүлүгүнүн жаралышындагы зор са­лымын эч унутууга болбойт!

1922-жылы эле Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. Жогоруда белгилен­гендей 1924-жылы Кара Кыргыз автоно­миялуу облусун түзүү иштерин жетекте­се, андан соң Кыргыз АССРине Союздук Республика статусун берүү максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тарап­тан негиздеген. Мына, Жусуп Абдрах­мановдун ошол улуу эмгеги текке кет­педи, 1936-жылы Кыргызстан Союздук Республика болду. Ж. Абдрахмановдун бул жеңиши өз алдынча Кыргыз мам­лекетинин түптөлүшү, анын Союздук Республика катары статуска ээ болушу, 1991-жылы эч кандай саясий чайпа­лып-төгүлүүсүз Кыргыз Республикасы­нын толук эгемендүүлүгүн жан күнкор­суздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. (Эгер өз өмүрүн тобокелге салган Жусуптун мындай эмгеги бол­богондо азыр кайда, кайсы мамлект­тин туусунун алдында жүрмөкпүз, ким билет…) Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Анте албадык. Антмек турсун азыркы жетекчилерибиздин, “жалпы журтту башкармакчымын” деп так та­лашка түшүп кыйсыпыр түшүп жаткан талапкерлердин бирөөсүнүн оозунан Жусуп деген сөз айтылбай келет. Аттиң! Өтө өкүнүчтүү! Тескерисинче Ж. Абдрах­манов унутта калып, уруунун деңгээлин­деги билермандарды даңазалап келебиз. А чынында Жусуп Абдрахманов өзүнүн кыска өмүрүндө өтөгөн иши, мекенчил­диги менен улуттук идеологиянын нугун салган кеменгер болгон.

Р. S. Жүрөгүндө жалы бар кеменгер өз өмүрүнө кайыл болуп, өз элин өлүмдөн сактап калуу үчүн Сталиндин буйру­гуна каршы пикирин билдиргени үчүн мындан 85 жыл мурун күрдөөлдүү күздүн так ушул күнү кызматынан алынып, 4 жыл түрмөдө эзилип, 1938-жылы атуу­га кеткен!

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: