Menu

Стокгольмдо Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталгандардын соту башталды

Бөлүшүү:

4-сентябрда Стокгольм сотунда Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деп айыпталып жаткан Telia (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын экс-жетекчилеринин иши боюнча соттук жараян башталды.

Бул иште айыпталуучу катары аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима өтүүдө. Булар үчөө тең Telia (Ucell брендинин жергиликтүү аталышы) компаниясынын Өзбекстан базарына кириши жана анын өлкөнүн бийлик түзүмдөрүнөн корголушу үчүн Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар өлчөмүндө пара берген деп айыпталышууда.

Биринчи соттук отурумда процессуалдык маселелер талкууланды. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттардын акыркы сөздөрү айтылып, өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгат.

2015-жылы Каримовага каршы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон: ага миллиард долларга жакын каражатты кымырып алган деген айып тагылган. Анда Каримова Өзбекстанда кабелдерди төшөө жана өлкөнү WiFi, WiMAX түйүндөрү менен камсыздоо иштерин аткарган кеминде алты телекоммуникациялык компаниядан пара алгандыгы айтылган.

Каримовага мекени Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгон. Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшор компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттогон.

Швейцариянын банктарында Каримованын 800 миллион долларга жакын акчасы табылып, камакка алынган. 31-июлда өлкөнүн кылмыш иштери боюнча федералдык соту акчаларды тоңдуруу чечими боюнча Каримованын апелляциялык арызын четке каккан. Бул жакынкы арада камактагы 800 миллион доллар Өзбекстан бийлигине кайтарылып берилиши мүмкүн дегенди билдирет.

Буга чейин акцияларынын 37% швед өкмөтүнө таандык болгон Telia компаниясы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар өлчөмүндө пара бергенин моюнуна алып, коррупция тууралуу ишти жөнгө салуу үчүн 965 миллион төлөп берүү тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги менен сотко чейинки келишим түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: