Menu

Видео – Түркстанда окуучулар жоолуктарын чече башташты

Бөлүшүү:

Түркстан облусунун Фирдауси айылында жоолук салынганы үчүн мектепке киргизилбеген окуучу кыздар баш кийимдерин чече башташты.

5-сентябрда алар ата-энелери менен бирге окуу жайдын алдына чогулушуп, мектепке киргизүүнү талап кылышкан.

Полиция аларды үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырган. Ата-энелер башталгыч класстын окуучулары жоолуктарын чечсе боло турганын, бирок жогорку класстагылар үчүн бул мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Мектептин директору Жанар Мамырова ата-энелер менен жолуккан жок, бирок “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы менен маектешти. Анын айтымында, 2017-жылы мектеп администрациясы 17 жолу жыйналыш өткөрүп, ата-энелерге окуу жайдын саясатын түшүндүргөн.

​- Биз ата-энелерге эки жолу эскертүү катын жөнөттүк. Бир жолу катты почта аркылуу жибердик. Августта ата-энелерге мектепте диний атрибутикага уруксат берилбей турганын эскерткенбиз, – деди ал.

5-сентябрда жолук салынганы үчүн мектепке киргизилбеген үч мугалим да иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Бул маалыматты мектептин директору тастыктады. Ал арыздар боюнча али чечим кабыл алына электигин айтты. Мугалимдер буга чейин деле мектепке жоолук салынып келип жүрүшкөнүн, тоскоолдук болбогонун билдиришти.

Директордун айтымында, мектепте 372 кыз бар, алардын 203ү – жогорку класстарда, 169у – башталгыч класстарда билим алат. Учурда башталгыч класс окуучуларынын баары жана жогорку класста окуган 80дей кыз жоолугун чечти.

https://www.youtube.com/watch?v=KO53YlrzFQ8&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: