Menu

Пархат Тулендыбаев, депутат: Улутум уйгур, орус мектепте окугам, бирок кыргыз тилин ортодон жогору билем

Бөлүшүү:

– Пархат мырза, кечээ гимнди билбей калдыңыз эле, бүгүн жаттап ырдап, элден кечирим сурап жатасыз. Бир күндө жаттадыңызбы?

– Биринчиден, өтө шашып баратсам, журналисттер капталдан чыга калып, «гимнди билесизби, ырдап бериңиз» деп сурай калышты. «Билбейм» деген жокмун, билет элем, ошон үчүн ырдаганга аракет кылдым да. Болгону, абал башкача болуп калды, түшүндүрө албайм аны. «Билбейт экен» деп мени эки күндөн бери чуулдатып сөгүп жатышат. Чын дилим менен элимден кечирим сурайм. Кечиргиле мени. Эч кимди жаман көрбөйм. Өзүмдөн кетти, шашып калдым. Суроо бере калган журналисттерди деле жамандабайм. Мага сабак болду. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин, өлкөбүздүн атрибуттарын уйкудан ойготсо да жатка билишибиз керек.

– Кыргыз тилин кандай билесиз?

– Мен Кыргызстанда төрөлүп өстүм. Улутум уйгур. Орус мектепте билим алдым. Ошого карабай, кыргыз тилин өз алдымча үйрөнүп келе жатам. Кыргыз тилин ортодон жогору билем.

– Гимнди билбей калганыңыз, башка атрибуттарды да карап, жаттай калууга түрткү болдубу?

– Албетте, билбегендеримди кайра карап жаттап койдум. Гимнди болсо каалаган учурда жаңылбай ырдап берем.

– Депутат болгонго чейин эмне иш кылчу элеңиз?

-Бизнесмен, өндүрүшчү элем. Курулуш компаниям бар эле. Курулуш жабдыктарын, эшик-терезе жасап, чакан бизнес кылчумун. Коомдук тамактануучу жай иштетчүмүн. 2015-жылы «Республика -Ата Журттан» 6-чакырылышка депутат болуп келдим.

-Жакында балдарыңызга той бергени жатыпсыз…

-12 балам бар. Төртүнчү кызымды турмушка узатып жатам.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: