Президенттик аппараттын «көзүрү» Алмамбет Салиев сот, прокуратура, дээрлик күч органдарынын баарын тейлеп атканы, таасири күчөгөнү алдыртан айтыла баштады. Бул жааттагы кадр саясатын калчап, ар кандай «көмүскө» иштерден да аты угула калып атканы кандай? Айтор, кайсы бийлик болбосун, «серый кардиналдар» чыгат тура. Баштагылардан сабак албай, бийлик кумарына батып кетип, акырында президенттин атына көлөкө түшүрүп койбойбу? Азырынча күч түзүмдөрүнүн кадрдык саясатына ашкере аралашканы, даражасы чоң жетекчилерди нааразы кылып атканы каңкууланууда.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ