Menu

Өзбекстанда молдонун интимдик видеосун интернетке чыгарган милиционерлер жазаланды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы быйыл августта интимдик видеосу социалдык түйүндөргө жайылып кеткен жергиликтүү молдо Абдухамид Атажановдон расмий кечирим сурады.

Мекемеден билдиришкендей, аталган видеону интернетке чыгарган милиция кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө 18-августта тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып баштаганын көрүүгө болот. Молдо болсо милицияны жеке жашоого кийлигишүүгө айыптаган.

Абдухамид Атажанов видео алты жыл мурда жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирди. Ал аялы жок экенин, жаш келин менен интимдик байланышка барганы үчүн сурак берүүгө милдеттүү эмес экенин айткан.

Өткөн аптада Ургенч шаарынын айрым жашоочулары кезинде Абдухамид Атажановго жардам сурап кайрылып, бирок молдо тараптан сексуалдык асылууларга кабылышканын билдирип чыгышкан. Бирок молдо дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: