Menu

Нариман Түлеев бийликке ор казып жатабы?

Бөлүшүү:

«Коррупционер» катары соттолуп, мамлекетке 60 миллион сом айып төлөп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевден жалдырап кечирим сурап жатып эркиндикке чыкан Нариман Түлеев кийинки учурда саясатта активдүү болуп, үн чыгара баштады. Бийликтен кеткен Атамбаевди сындап, Сооронбай Жээнбековго жагынуу аракетин көрүүдө. Жакында эле президенттин кабыл алуусунда болуп чыкты. Бирок «эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей», күздө саясий кармашка даярданып жаткан Адахан Мадумаровдун офисине тез-тез каттап калды. Агенттин ролун ойноп жатабы же бийликке ор казып жатабы бул жагы табышмак. Мына жакында Маммүлк кызматы Наримандын мамлекетке өткөн үйүн ала албай коюшту. НТСти 2 саатта басып алышкан сот аткаруучулар Наримандын үйүн ала алышпай шалдайып туруп беришти. Нариман болсо ал үйдү мамлекетке бергенче деп, талкалатып таштаптыр.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: