Menu

Сокени оомат коштоду

Бөлүшүү:

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталгыча ар кандай сөздөр айтылып, кыргыз бийлигине нааразы сөздөр көбөйүп, оюнга корогон каражатты мектеп, оорукана, бала бакчаларга жумшаса болот болчу дегендердин саны өскөн. Бирок, бул жолку оюн дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жакшы кадам таштаганын көрсөттү. Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары менен бул жолкуну салыштыруу мүмкүн эместей болду. Мурунку оюн көп чырдын башы болгон. Корогон каражат, салынган ипподромдогу акча жемей өңдүү. Аксыдагы Уңгар-Тоого коңшу өзбектердин аскери курал менен басып кирип, ал жердеги станцияда иштеген кыргыз жарандарын туткундап кетсе дагы, бийлик жерин бастырып коюп, ат чаап жыргап олтурган. Чыныгы көчмөндөрдүн принцибине каршы келчү ишти баштап. Бир дагы көчмөн жерин бастырып коюп, өздөрү көңүл ачпайт деген макалалар жазылып, ал чет тилдерге которулган. Кийинки оюнду өткөрүү эстафетасын алуудан баары баш тартып, кайрадан өзүбүз өткөрүүгө туура келген.

Жээнбеков чынында эле оомат коштогон адам экен. Такка олтуруп ишти баштаганда эле иши ойлогондой кетип, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп кетти. Өзү да аброй топтогонго жетишти. Мына эми дүйнөнү дүңгүрөтүп оюн өткөрүп жатса, буга чейин Кыргызстанга келе элек Европадагы көрүнүктүү делген Венгриянын премьер-министри Орбан, Түркиянын президенти Эрдоган, Атамбаевдин дейди сөзү үчүн алакага чекит коюп коё жаздаган Назарбаев келип, ачылыш аземинде кол чаап, өздөрүнүн спортчулары чыкканда ордуларынан тура калып, кол булгалап тосуп алышты. Мунун өзү эле чоң ийгилик билген кишиге.

Чолпон-Атада Түрк Кеңешине кирген мамлекеттердин кезектеги жыйыны да Көчмөндөр оюнуна дал келип олтурбайбы. Атамбаевдин тушунда Азербайжан, Казакстан, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстандын президенттери чогулуп жыйын курган мезгилди элестетиш кыйын болчу. Азыр Атамбаев президент болуп турган болсо конок катары келген президенттердин бири да бут баспайт эле. Жээнбековдун жүргүзүп жаткан тышкы саясаятынын алгачкы жемиштери көпкө күттүргөн жок деп айтсак болот.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: