Menu

Сагынбек Абдрахманов: «Атамбаевге чек арадан чыгууга тыюу салынсын»

Бөлүшүү:

— Сагынбек мырза, КСДП жергиликтүү уюмдар менен уюштуруу иш кандай жүрүп жатат? Сиз койгон максат «КСДП — ​Атамбаевсиз» ишке ашчудайбы?

— Рахмат, биз акыркы июнда сүйлөшкөндөн бери кырдаал асман менен жердей өзгөрдү десек болот. Мурун биздин Атамбаевдин дарегине айткан сыныбыз менен макул болсо дагы жолдоштор «койсоңчу, тим эле кой, Атамбаев менен эмне кыласың тирешип» дегендер, ийгилигибизге ишенбегендер азыр өздөрү тынбай телефон чалып, уюштуруу иштерине кошулууга, көмөк көрсөтүүгө кызыкдар болушууда. Атамбаев жети жыл мамлекетти каалагандай башкарса, социал-демократ партиясын жеке менчик фирмасындай 25 жыл башкарган. Бирок азыркы учурда Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунда ага каршы нааразылык күчтүү. Биз өзүбүз райондук жыйындарды уюштуруп баштаганда, Атамбаевдин акчасына азгырылган тарапкерлери келет, ал койгон кызматкерлер тоскоолдук кылат деп ойлогонбуз. Бирок ушунчалык авторитети кетиптир, бир дагы райондо Атамбаевге ачык болушкан кишини азыркы күнгө чейин жолуктура алган жокпуз. Фарид Ниязов дайындаган район координаторлор толугу менен иштен баш тартышты. Азыркы убакта баардык жергиликтүү, баштапкы уюмдар биздин уюштуруучу топ менен байланышып, кезексиз съездге даярдык көрүүдөбүз.

— Эки жума мурун КСДП саясий кеңешинин жыйыны өттү деген маалымат тарабады беле. Ал жыйында Кожобек Рыспаевдин партиялык мүчөлүгү боюнча дагы чечим кабыл алынды деп айтышты. Бул боюнча кабарыңыз барбы?

— Саясий кеңештин курамынын жарымына жакын мүчөлөрү азыркы учурда камакта болсо, каяктан ал жыйын өтмөк эле? Бир дагы фотография чыккан жок го ошол жыйындан. Барып катышса, колунда иштеген бир канчасы баргандыр, бирок кворум болгон эмес. Кожобек Рыспаев боюнча дагы чечим партиянын Уставына жооп бербейт. Фарид менен Алмазбектин каалоосу менен боло бермек беле мурункудай? Бөйрөктөн шыйрак чыгарышпасын. Журналисттерге да кайрылам, силер кичине сурап, жанагы Кундуз Жолдубаевадан болсо дагы кичине фактыларды талап кылсаңар боло. «Саясий кеңеш өттү» десе эле ишене бербей. Партиялаштардын кыжырын кайнаткан азыр Чыныбай Турсунбеков болду. Бул киши эмне эле күпүлдөйт? «Партия чечти» деп ошол Фариддин сөзун кайталап атат. Былтыр эле жайында так ошол өзүн Фарид «партиядан чыгып кет» деп айтпады беле?

— Жакынкы пландарыңар кандай? Кайсы райондордо жыйын өткөнү турат?

— Азыркы убакта биз Чуй облусундагы жыйындарды Кеминде, Ысык-Атада, Кантта өткөзгөнү турабыз. Аламүдүн эчак эле даяр. Бирок биз аны атайын акыркы аккорд сыяктуу уюштурууну пландап атабыз. Ош жергесиндеги жолдоштор дагы баардык уюштуруу иштерин аяктап, эртең десе эртең өтчү райондук жыйындар ондоп саналат. Бул боюнча эч кимде күмөн болбошу керек. Эртеби, кечпи КСДП партиясы «Атамбаевсиз» деп жарыяланат. Ага съездди деле өткөзүүгө кажет жок, керек болсо. Анткени биз Минюстка кайрылып туруп 31-мартта өткөн съездди жараксыз деп жарыялоого азыркы учурда колубузда топтолгон материалдар жетиштүү. Анткени бир дагы райондо делегаттар шайланган эмес ал съездге. Бизде шашылыш жок. Кышка чейин биздин планыбыз ишке ашат, социал-демократтардын партиясы жаңыланат. Жаңы жетекчилик, кээ бирөөлөр ойлогондой, сөзсүз эле Сагынбек Абдрахманов болот деп айтуу туура эмес. Менин максатым, 7-апрелде шейит кеткен жолдоштурумдун арбактарына милдетим, парзым — ​бул саткын, алардын жеңиши менен миллиардер болгон ууруларды айдап чыгуу. Партия болсо ишин улантат. Миңдеген Атамбаевге алданган партиялаштардын жүзү ачык, биз бирөөдөн уялганга же күнөөлүү сезгенге эч кандай негиз жок. Бирок, албетте күнүгө чыгып аткан коррупция боюнча жаңы маалыматтарды окуп аткан биздин партиялаштар жер-жерлерде Атамбаевдин жана анын тегерегиндегилердин жоопкерчиликке тартылышын, катуу жазасын алуу боюнча талаптар айтылууда. Ошондуктан мен дагы, ошол миңдеген жолдоштордун атынан, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Алмазбек Атамбаев качып кетпешин, анын үстүнөн мамлекеттик кайтаруу күчөтүлүшүн, жана чек арадан чыгууга уруксат берилбешин талап кылам.

Суроо салган Назка Бердикожоева

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: