Menu

Трамп 11-сентябрь курмандыктарын эскерүү жыйынында сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп 17 жыл мурун United Airlines учагы кыйраган жерге жакын жайгашкан Пенсильвания шатынын Шэнксвилл мемориалдык паркындагы эскерүү зыйнатына катышты. Ал курман болгон жүргүнчүлөрдү кастыкка каршы күрөшкөн каармандар деп атады.

Учак бортунда 37 жүргүнчү, алардын ичинде төрт террорчу, экипаждын жети мүчөсү болгон. Аба кемеси террористтер бутага алган жерге жетпей, талаага кулап түшкөн. Расмий маалыматтар боюнча учак кыйраган жерден Капитолияга чейин 20 мүнөткө жетпеген убакта учуп барууга болот.

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын курмандыктары эскерилди.

17 жыл мурун “Аль-Каида” террордук тобунун жанкечтилери төрт жарандык учак менен Нью-Йоркто жана Вашингтондо чабуулдарды жасашкан. Алардын ичинен эки учак Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк cоода борборунун кош имаратын, үчүнчү учак Вашингтондогу Пентагондун имаратын сүзүп, ал эми төртүнчү учак болсо Пенсильванияга кулаган. Бул чабуулдардан үч миңден ашык адам каза болгон.

Нью-Йоркто чабуулдан аман калгандар жана курман болгондордун туугандары дүйнөлүк cоода борборунун кош имаратынын жанындагы аянтчада чогулушту. Асманга өлгөндөрдүн элесине арналып, кош жарык чачыратылды. Пентагондо маркумдарды эскерүү иш-чаралары өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: