Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев жакында Сенат мамлекеттик аткаминерлердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салган токтом чыгара турганын билдирди.
«Эртең токтом чыгат. Аны менен министрлердин, акимдердин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салынат. Чайхана алдынан мамлекеттик номурлуу унаа көрсөм, анын ээсин ошол эле күнү жумуштан кетирип, жазалайм», – деген Мирзиёев.
Өзбек лидеринин айтымында, ал мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы жемкорлукту жоюу максатында шаан-шөкөттүү үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө жана аларга аткаминерлердин баруусуна тыюу салууга аргасыз болууда.
«Бир дагы чиновник, анын ичинде мен дагы туулган күндөргө, үйлөнүү тойлорго барбайбыз. Мунун баары адамдардын ачуусун келтирүүдө. Мындай салтанаттар жогорку кызматтагы аткаминерлердин катышуусусуз өтөт. Премьер-министр орун басарлары менен бирге тойго барууда… Ошол 20 килограмм эттин ордуна кедей адамга жардам берип үйүн сырдап, сыналгы сатып бергиле», – деген Мирзиёев.
Президенттин айтымында, Сенаттын жаңы токтомунда үйлөнүү тойлорго 150дөн, ал эми таңкы ашка 200дөн көп адам чакырууга тыюу салынат.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ