Menu

Өлкөдө бала сатуу фактысы боюнча дарыгелер кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кармалган эки адамдын бири камакка алынды. Бул жыл башынан бери бала сатууга байланыштуу катталган бешинчи факты болуп калды. Бирок адистер мындай көрүнүш мындан да көп болушу мүмкүндүгүн эскертип, алдын алуу чараларын күчөтүүнү эскертип келишет.

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалганы тууралуу маалымат 7-сентябрда ачыкка чыкты. Анда эки адам колго түшкөнү, алардын бири камакка алынганы айтылган. Кийин беш адам кармалып, анын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова тергөө аяктаган соң гана толук маалымат берилерин билдирди:

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (“Адам сатуу”) менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында бала сатууга шектелип адамдар кармалган. Учурда иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатат. Калган маалыматтарды ошол иштин башка чаралары көрүлгөндөн кийин, тактоо иштери жүргөн соң беребиз. Канча киши кармалды, алар ким болуп иштечү, баарын тактап айтабыз.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарыгерлер баланын ата-энесине балаңар чарчап калды деп айтышкан. Айрым маалымат каражаттары ал тургай кармалган учурда медиктердин автоунаасынан балдардын жансыз денелери табылганын жазды.

Алгач, окуя тууралуу кабар тарагандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги аларга тергөөчүлөр маалымат бере электигин айтып жатышкан. 10-сентябрда гана алар билдирүү алышканын, өз алдынча иликтөө башташканын жарыялашты. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева  буларды билдирди:

– Бишкектеги бала сатуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштады. Азыр укук коргоо органдары иштеп, тергөө жүрүп жатат. Окуяга кайсы бейтапкана, кайсы дарыгердин катышканы ошол иштер бүткөндөн кийин ачыкка чыгат. Атайын жумушчу топ соңку фактыдан кийин мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баарын текшерип чыгат.

2017-жылы Бишкек шаарында үч айлык баланы 10 миң сомго сатуу учурунда үч аял кармалган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылганы менен айыптуулар жазасын алган-албаганы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: