Menu

Масалиев «Таблиги жамаатты» экстремисттик уюмдардын катарына кошууну сунуштады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште 12-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Талкуу учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, “Таблиги жамаат” уюмун “экстремисттик” деп табуу керек деген пикирин айтты.

– Бул конвенцияга кошулган мамлекеттердин бир тобунда “Таблиги жамаат” мыйзамдан чыгарылган, туурабы? Мыйзамдан чыгарып, “мыйзамсыз” деп табышыбыз керек да. Конвенцияда бир принципте кетип баратабыз деп жазылып турбайбы. Аны окудуңарбы? Конвенцияга кошулгандан кийин биз өзүбүзгө бир топ милдеттерди алып атабыз.

УКМК төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков парламент сессиясы учурунда “Таблиги жамааттан” азыр Кыргызстанга коркунуч жок деп билдирди.

Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кабыл алынган. ​Кыргызстан террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык үч конвенцияга мүчө.

“Таблиги жамаат” уюмуна Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес.

Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген “Йакын инкар” уюму “Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыкканы белгилүү.​

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: