Menu

Дэн Чжи Фу: “Кыргызстан келечеги – өндүрүштө”

Бөлүшүү:

Кытай жараны Дэн Чжи Фу көп жылдардан бери ишкерлик менен гана алектенет. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы “Ош-Таатан” Эл аралык соода шаарчасына ирегелеш жайланышкан сейил бакта саар жана кечкурун китеп окууну дагы көнүмүш адатка айландырган.

– Ден Чжи мырза, бул сейил бак аркылуу ары-бери өткөндөрдү таңыркатып, а түгүл оозун дагы ачырып эмне эле кылып жүрөсүз?

– Көрүп жатасыз го. Болгону үнүмдү болушунча катуу чыгарып, моминтип китеп гана окуп жатамын.

– Эмне, ушунчалык зарылбы?

– Ананчы, эй!

– Не үчүн?

– Таңкалбай эле коюңуз. Дал ушинтип мен дайыма чын дилден ырахаттанам! Анан дагы улам бөксөрүп бараткан рухий дүйнөмдү тынымсыз толтуруп, ага удаа байытып дагы турамын.

– Кантип?

– Кытайдын улуу ойчулу Конфуций өңдөнгөн улуу жана кайталангыс ойчулдардын акыл-насааттары бүгүн деле адепки маанисин таптакыр жогото элек. Мен дагыле ошол учкул сөздүрдү моминтип байма-бай окуп, а түгүл керек маалда өз турмушумда дагы кең-кесири урунамын.

Мындан тышкары Кыргыз элинин айтылуу «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү кытайча көркөм окуп, анан ошого дагы бекем таасирленем. Айтмакчы, бул элдик эпопэя – баатырдык чыгарма мендеги мекенчилдик сезимди катуу ойготуп, ого бетер өөрчүтпөдүбү.

– Баса, «Ош-Таатан» Эл аралык соода шаарчасында эмне кылып жүрөсүз?

– Бизнесим бар. Мурда Бишкекте иш жүргүзчүмүн. Эми минтип бул жумушумду Кыргызстандын Түштүк башкалаасында дагы ийгиликтүү улантып жатамын. Бул жерде калк кеңири керектөөчү курулуш материалдарын байма-бай соодалаймын.

– Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөлүк ишкерлерге түзүп жаткан шарттарына деги канааттанасызбы?

– Албетте! Сооронбай Шариповичти тээ Ош облусун жетектеп турган кезинен бери эле
абдан жакшы тааныймын. Кытайга иши менен бат-бат сапарлачу. Ошондо далай ирет жолугушканбыз. Бул киши сөзүнө бекем, эң башкысы: нукура жолбашчы. Сооронбай Жээнбековдун азыркы жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн мен дагы чын дилимден кубаттаймын. Баамымда, а киши бул күрөштө жалгыздык гана кылып жатат өңдөнөт. Аны эле арап турбастан Кыргыз калкы дагы Президентти жапырт колдошу кажет!

– Дэн Чжи мырза, тажрыйбалуу ишкер сыңары дегеле сиз Кыргызстандын келечегин эмнеден көрөсүз?

– Мен билгенден чийки, бирок, баалуу заттар Кыргызстанда өтө эле көп. Ошолорду кайрадан иштетип, чет өлкөлөргө байма-бай экспорттосоңуздар, албетте, утасыздар! Мисалы, жаратылыш байлыктары – токой, алтын, сурьма өңдөнгөн кендер толтура. Эттин дагы мекенисиздер. Ушуларды кайра иштеткен ишканалар көбүрөөк курулса, жаңы жумуш орундары дагы түзүлүп, айрыкча Кыргыз жаштары жумуш издеп ар өлкөгө тентишмек эмес. Анан экономикаңыздар дагы бат эле көтөрүлмөк.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: