Menu

Эрдоган айткан 130 феточу ким?

Бөлүшүү:

Сыягы, азыркы «Сапат» же  мурдагы “Себат” билим берүү мекемелери менен түрк бийлиги тарабынан Кыргызстанга сунушталып (же таңууланып) жаткан “Маариф” билим берүү фондунун ортосундагы тирешүү эки өлкөнүн мамилесин ары же бери кылат окшойт. Быйыл, апрель айында (президентибиз С.Жээнбековдун Түркияга жасаган расмий иш сапарынын учурунда бул маселе кабыргасынан коюлуп, түрк президенти Р.Эрдоган “Биз ФЕТОчуларды жердин түбүнөн болсо  да сууруп чыгып, жазалайбыз… Алар эртеби-кечпи Кыргызстанга да биздегидей коркунуч жаратат…”.- деген болчу. Бирок анын бул сөздөрүнө С.Жээнбеков ак да, көк да деп жооп кайтарбай, кийин элчибиз И.Жунусовдун оозу  менен гана “бизде Гүленчилер тууралуу толук маалымат бар, тиешелүү органдар менен иштешип атабыз…”,- деген бүдөмүк, иттен чыгарган жооп болгон. Ал эми 2-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Р. Эрдоган кайра эле ФЕТОчулар көйгөйүн көтөрүп, учурда түрк атайын кызматтары тарабынан “террорчу” деп жарыяланган 130 адамдын Кыргызстанда жашап  жаткандыгы айтылып, аларды  кайтарып берүү талабы коюлду. Арасында Борбор Азияга белгилүү имам, мурдагы муфтий да бар экен. Азыр кыргыз коомчулугу ошол 130 ФЕТОчунун ким экендигине кызыгууда. Эгер ушул маалымат чын болсо, анда өлкөбүз Улуу Британия дүйнөдөгү террорчу жана коррупционер деп акчасын ала качып, өмүрүн өткөргөн олигархтарды жашыргандай эле, бул уюмдун баш паанек тапкан аймагына айланып калган турбайбы. Биздин маалыматыбыз боюнча, ФЕТОчулар айрыкча эски бийликтин тушунда бийликтин экинчи тепкичине чейин өз адамдарын коюп, андан  кийинки бутактарына аарыдай  эле отурукташып алышкан. Баарынан өкүнүчтүүсү алар азыр  деле баардык майлуу-сүттүү жана жооптуу кызматтарды, ал тургай Ак үйдү ээлеп алышкан…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: