Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстана жасаган иш сапарынан кайткан учурда Тамчы аэропортунда жубайын жарым саат күтүп аябай ачууланган экен. Көрсө жубайы Кырчындан кайтып келе жатып капчыгайда автотыгынга учурап кечигип келиптир. Буга байланыштуу бир топ мамлекеттик кызматкерлер жазасын алып жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Алардын арасында Ички иштер министри да бардыгы айтылууда. Шылтоого шыноо таппай турганда демекчи, министр Кашкар Жунушалиев ИИМ тармагын тарта албай койгону талкууланып, иштен алуу жагы чечилип, ордуна Канат Исаевдин агасы Талант Исаевдин талапкерлиги каралып жатканы кеп болууда. Бирок Сооронбай Жээнбеков президентке ат салышканда анын негизги атаандашы Өмүрбек Бабановду сүрөөнгө алып, ал түгүл шайлоодон кийин мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөнгө айыпталып кылмыш иши козголгон Канат Исаевдин агасы кандай болуп министр болгону жатканы табышмак. Айтор бийликтин кечээки каршылашын дос, ал эми кечээки досун кас тутуп жатканы түшүнүксүз болуп турат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ