Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервьюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбыз:
Бермет Букашева: Сизди “Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаевдин кишиси катары сыпатташат, чоң кызматтарга Текебаев сүрөмөлөп чыгарган деп айтышат, сиз өзүңүз бул тууралу эмне айта аласыз?
Аида Салянова: Мен Текебаевди Жогорку Кеңештен тартып билем, ал жерде аппаратта мен 12 жыл иштегем, ал эми Өмүрбек Чиркешович 4 жолку чакырылышта депутат болду… 2010-жылы мага КР Юстиция министри кызматын биринчи болуп Роза Исаковна Отунбаева менен Өмүрбек Чиркешович Текебаев сунуш кылышкан. Экөөсү биргелешип сунушташкан. Ал эми Өмүрбек Чиркешович менен кызматташуу 2010-жылдагы Конституциялык реформа учурунда башталды. Конституцияны реформалоо үчүн түзүлгөн топ конституциянын тексттеринин үстүнөн күнү-түнү иштегенбиз…
Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ