Menu

Төрөбай Зулпукаров, депутат: Сауд Арабиясынан келген 30 миллион долларга мектептер курулат

Бөлүшүү:

– Төрөбай мырза, Сауд Арабиясы мектептерди курууга каражат бергени тууралуу маалымат тарады. Буга чейин алар бизге каражатты негизинен мечиттерди курганга берчү эле. Эми социалдык объектилердин курулушуна да колдоо көрсөтө башташтыбы?

– Бул каражат эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин ңегизинде, расмий жардам катары берилип жатат. Жалпысынан 30 млн. доллар. Мектептердин болжолдуу баасы бир миллион сомдун тегереги. Ошондо отуздай мектепти кургангa мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул келишим ратификациядан өткөн, акча каржы министрлигине келген. Азыр процедуралык маселелер каралууда. Бизде мектептердин стандарттуу долбоору бар да. Ошол долбоорлорду акча берген тарап жактырышы керек. Же өздөрүнүн долбоорун сунуштап калуулары да мүмкүн.

– «Акчасы эчак келген болсо, эмне үчүн иш ордунан жылбай атат?» деген маселе комитетте көтөрүлдү. Чын эле, иштин кечеңдеп жатканынын себеби эмнеде?

– Себеби, эки тараптуу көзөмөл. Кээ бир гранттар кыргыз өкмөтүнө келет. Андан соң өкмөт мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын негизинде өз алдынча чечим кабыл ала берет. Бирок, «бул жолу каражат багыттуу жумшалсын» дегенби, айтор, «Саудия өнүктүрүү» фонду тарабынан мектептердин курулушун көзөмөлдөөгө аракет жасалууда.

– Бизде долбоорду даярдоого үч ай, аны макулдашууга дагы үч ай кетет экен. Бул өтө эле көп убакыт эмеспи?

– Ошондуктан, мектептердин стандарттуу долбоорлору болушу үчүн өкмөттүн астында төрт түрдүү стандарт долбоору бар. Мурда ар бир мектепке өзүнчө долбоор жасалып, аны даярдоого эле 1 миллион сомдон ашык каражат кетип калчу. Азыр эми стандарттуу долбоорлор бар. Ал эми балдар бакчаларынын, же ооруканалардын долбоорун даярдоодо жана сиз айткан маселелер чыгып калууда. Келечекте аларга да стандарттуу долбоорлор болушу керек.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: