Menu

ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Европа Биримдигине кыргызстандыктарга эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-январда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Элчи, Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү П.Бурианды Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти С.Жапаровдун инаугурация салтанатына катышуусунун алкагында кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз тарап Европа Биримдигинин ыкчам жооп кайтаргандыгы жана коронавируска каршы күрөшүүдө өзгөчө кырдаалдарга кошумча колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Европа Биримдигине Кыргыз Республикасынын калкына эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолуна бекем берилген, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзгөн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон өлкө катары, Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар.

Европалык тарап Кыргыз Республикасындагы саясий кырдаалдын турукташуусун кубатта тургандыгын жана мындан ары дагы кыргыз тарапка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Европа Биримдиги тарабынан берилген ВСП + статусунун мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын пайдалануусунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕБдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде ЕБ долбоорунун жана Кыргыз Республикасындагы программалык иш-чаралардын алкагында курууну улантуунун зарылдыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: