Menu

Мамбетжунус Абылов, БШКнын мурунку төрагасы: «Ким бийликтин башында турбасын, биздин өлкөдө бажы мекемесинин бир кызматкери сөзсүз “кошелек” болуп чыга келет»

Бөлүшүү:

— Мамбетжунус агай, сиз да учурунда Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турдуңуз эле. Кечээ БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Бирок, ал чечимге мүчөлөрүнүн баары кол койгон жок. Сиздин учурда дагы БШКнын мүчөлөрү жыйынтыкка каршы чыккан учурлар болду беле?

— Менин учурумда мындай кырдаалга дуушар болгон эмеспиз. Себеби, БШКнын мүчөлөрүн ал заманда Жогорку Кеңеш гана коомчулуктун сунушу менен шайлайт эле. Ошондуктан БШКнын мүчөлөрү бийликте же оппозицияда турган партияларга көз каранды эмес болчу. Бүгүн болсо БШК мүчөлөрү бийликтеги ар кандай партиялардын өкүлдөрү болуп шайлангандыктан, алар өз партияларынын кызыкчылыгын жактоого мажбур. Эгер андай кылбаса, БШКнын курамынан аларды партиялар чыгарып салышы мүмкүн.

— БШКнын төрайымынын орун басары талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок деп айтып чыкты. Сиз БШКнын ички кухнясын жакшы билет эмессизби. Мындай бөлүнүүчүлүк мурунтан эле болуп келгенби?

— Шайлоо бул бийлик талашуу болуп эсептелет. Бийлик талашуунун бөкөлү биздин өлкөдө бийликтин өзү болгондуктан, шайлоодо “кол ийрисине тартат” деген принцип өкүм сүрөөрү жалган эмес. Ошондуктан ар бир талапкерге биздин өлкөдө бирдей шарт түзүлбөйт деген сөз чындыкка жакын. Бирок “күч атасын тааныбайт” деген да кыргызда жакшы сөз бар. Эгерде бийликтин атаандашы бийлик талашууга дилгир болуп, ал дилгирликти өзүнүн уюштуруучулук сапаты менен коштой алса, андай талапкер шайлоодо утуп чыкса болот. Себеби, биздин өлкөдө элдин жашоо шарты төмөн, коомдо өнүгүү жок, өлкөдө коррупция, жакырчылык күчөп жатканда, шайлоочулар бийлик тарапка эмес, бийликке каршы турган тарапка көбүрөөк ыктайт. Ошондуктан, даярдыгы күч талапкер биздин өлкөдө шайлоо аркылуу бийликке жетсе болот.

— Шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбеков катуу даярдык менен аламанга аттанганын көрсөтпөдүбү. Ал бийликтин талапкери болсо дагы элдин ишенимине ээ болууга жетишти. Бул шайлоо уюштуруучулук сапаттан дагы талапкерде дух болуш керек экенин көрсөттү го. БШКнын мурунку төрагасы катары Жээнбеков таза жеңишке жетишти деп тааныдыңызбы?

— Шайлоодо бийлик бөкөлчүлүк кылып, кол ийрисине тартып жатканын көрүп, билип туруп эч качан шайлоону таза өттү деп айта албайм. Бирок, бул деген шайлоону жокко чыгарыш керек дегенге жатпайт. Себеби, акча менен добуш сатып алышып, бул шайлоодо мыйзам бузууга бийликтин атаандаштары деле барып жатышты. Ошондуктан бул шайлоону карапайым эл бийлик менен пулдун шайлоосу гана болду деп атап жатышат. Ошондуктан таза эмес болсо да мен бул шайлоонун жыйынтыгын мыйзамдуу деп тааныйм. Себеби, таза эмес болсо да, бул шайлоо курч атаандаштык негизде өтүп, шайлоонун легитимдүүлүгүн эң жогорку денгээлге алып чыкты. Демократиянын өзөгү атаандаштык маданиятын түптөө болуп эсептелет. Биздин өлкөдө шайлоо атааандаштык маанайда өткөндүктөн, Сооронбай Жээнбековду демократиялык негизде жеңишке жетти деп баалайм.

— Жаңы келе турган президентке оор абал мурас катары калып жатат. Мамлекеттин тышкы жана ички саясатындагы абал бир топ маселелерди жаратууда. Жээнбеков мамлекетчил инсан катары олку-солку болуп жаткан көйгөйлөрдү калыпка салып кеткенге командасы даярбы?

— Эң алгач Сооронбай Жээнбеков ант берип, президенттик ишке киришип алсынчы. Калганын мезгил көрсөтөт. Себеби бийликке жеткен адам биздин өлкөдө бузулуп кетчу илдетке дуушар болуп калаарын дайым эле көрүп жүрөбүз. Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков татаал учурда бийликке келип жатат. Өз оозуна алы жетпеген биздин президентибиз бийликтен кетээринде соо турбастан, базарыбыз, мазарыбыз бир, боордош казак эли менен жылуу мамилени таптакыр бузуп салды. “Детсад” деп атка конгон, ажобуз өзү кураган бүгүнкү “колунан коко иш келбеген” Өкмөт, казак өкмөтүнүн тилин тапканга жарабай, кыргыз менен казак чек араларындагы кырдаал бүгүн да оор бойдон калууда. Бул кырдаал карапайым элдин кыймыл-аракетине тоскоол болуп, элибиздин жашоо шартына терс таасири тийип жатат. Сооронбай Жээнбеков такка отураар замат бул кырдаалды жоюш керек. Эгерде жоё албаса, анда Атамбаев бат эле унутулуп, Жээнбеков ишке жөндөмсүз адам катары эл ичинде баалана баштайт. Бул кырдаалды жоюш үчүн, чу дегенде ал азыркы “шал” өкмөттүн ордуна иш билги, тажрыйбалуу инсандарды өкмөткө тартып, алар менен чогуу казактар коюп жаткан жүйөлүү маселелерди ыкчам чечиш керек болот. Ушул жерден бир топ суроолор пайда болуп жатат. Биринчи, Президенттикти өткөрсөм да бийликтен кетпейм деп кайра- кайра жар салган Атамбаев өзү бөпөлөгөн өкмөттү алмаштыруу укугун Жээнбековго эртең ыраа көрөбү? Экинчиси, Атамбаевдин жолун улайм деп кайра- кайра жар салган Жээнбеков эртең өзү президент катары Атамбаевдин көзүн карабай, казак президенти Назарбаев менен жылуу мамиле курууга даай алабы? Эгер чечкиндүүлүк көрсөтүп, ушул эки маселени чече албаса, Жээнбеков өлкөдөгү оор абалды оңдой албай, жаман атты болуп гана тарыхта калат. Жээнбеков бүгүн өзү бүтүм чыгарышы керек. Өзүн бийликке алып чыккан Атамбаевдин көңүлүн оорутпай өлкөдө илең- салаң бийлик жүргүзүш керекпи же элдин кызыкчылыгын ойлоп ” Атамбаев, менин ишиме кийлигишкениңди токтот!” деп кесе айтып, өлкөдө толук кандуу бийлик жүргүзүш керекпи. Эгер ал биринчи жолго түшсө, кыргыз-казак мамилеси оңолбой, эл Жээнбековду бийликтен кет деп көтөрүлөт. Эгер ал экинчи жолду тандаса, ага кыргыз эли эле эмес, боордош казак бийлиги да жардам берүүгө умтулат. Сооронбай Жээнбеков тажрыйбалуу жетекчи, мамлекетчил инсан катары эл үчүн чын дили менен иштеп, өз алдынча саясат жүргүзүп, азыркы кыйын абалды жөнгө сала алат деп ойлойм.

— Сиз Түркия менен Малайзияда элчи болуп иштеп, дипломатияны жакшы билесиз. Казак-кыргыз чек арасындагы маселе тереңдеп кетип жатат. Дипломатиялык жол менен чечүүгө Өкмөт болгон аракетин көрсө да, анысынан майнап чыга элек. Куштун эки канатындай болгон казак-кыргыз элинин чек арасындагы маселени чечүүдө дипломатиянын кайсыл ыкмалары жетишпей жатат?

— Бул кырдаал дипломаттардын ишмерсиздигинен түзүлгөн жок. Өлкө башчыбыздын өз тилине алы жетпегендигинен, өкмөтүбүздүн мажирөөлүгүнөн түзүлүп жатат. “Буттан жыгылган турат, тилден жыгылган турбайт” деп бекер айтпайт биздин элде. Бүгүнкү түзүлгөн терс кырдаалды оңдош үчүн бүгүнкү өлкө башчы кызматтан кетип, анын ордуна келе жаткан жаңы өлкө башчы казак-кыргыз ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн өзүнүн чечкиндүүлүгүн жана ынтызаардыгын даңазалаш керек. Антпесе, казак президенти Назарбаев өзүнө акаарат айтып, досчулукту бузган коңшу өлкөнүн дипломатиялык миссиясын өз өлкөсүндө иштөөгө тыюу салып коёт.

— Казак тарап бизге бажыдагы коррупция тууралуу олуттуу кине коюп жатат. Айрыкча Кытайдан келген товардын суммасын азайтканын казактар статистика менен далилдегендей болду. Бажыдагы бул система мурунтан эле калыптанып калган деген сөздөр айтылып жүрбөйбү. Сиз бийликте жүргөндө ушундай маалыматтарды укчу белеңиз?

— Бажы кызматы коррупциянын нак чордону экенин билбеген бир да инсан жок. Мен бийликте турган кезде эле “кошелек” деген наам Акаевдин үй-бүлөсүнө жакын бажы кызматкерине таандык болчу. Тилекке каршы, “кошелек” — ​бул наам эмес эле, система болуп чыкты. Ким бийликтин башында турбасын, биздин өлкөдө бажы мекемесинин бир кызматкери сөзсүз “кошелек” болуп чыга келет. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бийлик бажыдан жеп жаткан акчалар кыргыз мамлекетинин кирешесин эле курутпай, шериктеш ЕАЭБ мүчөлөрүнүн кирешесин да курутуп жатканын казак өкмөт башчысы Сагинтаев так айкындап берип, биздин өлкө бүгүн кандай өлкө болуп калгандыгын, ал шериктеш ЕАЭБ өлкөлөрүнө өтө маданияттуу ачыктады. Эгер Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөнү шерменде кылып жаткан бул коррупцияны тез арада жойбосо, анда биздин өлкө шериктеш өлкөлөрдүн чечими менен ЕАЭБден чыгарылып калышы ыктымал.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: