Menu

Мирлан Жээнчороев: “”Республика” партиясы Садыр Жапаровдун премьер-министр кызмат ордуна талапкерлигин колдойт”

Бөлүшүү:

Буга чейин орток пикир болгон эмес, бүгүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир пикирге келишкен, деп билдирди бүгүн, 14-октябрда депутат Мирлан Жээнчороев.

«Бүгүнкү күндө башкы маселе – саясий кырдаалдан чыгуу, экономикалык кризистен чыгуу, ошондой эле пандемия менен күрөшүү. Биз муну башкы максат кылып коюп, бир талапкерге токтолдук – биз Садыр Жапаровду колдошубуз керек жана ал иштеп башташы керек», – деди ал.

Анын айтымында, “Республика” партиясы буга чейин парламент толук кворумга ээ болуп, мыйзамдуу өкмөт бекитилиши керек деп айткан. Бүгүн кворум бар, ошондуктан өкмөттүн ушул курамы эми каралып, ал жерде кимдер болот жана кандай болот, эми Садыр Жапаров толугу менен айтып берет.

«Бирок биздин позициябыз бүгүнкү күндө ар бир адам өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн жеке амбициясынан баш тартуусу керек. Экономикалык кризисти тез арада чечүү үчүн жана коронавирустун экинчи толкунунун алдында өкмөт иштей башташы керек», – деди ал.

“Республика” эмне үчүн Жапаровдун талапкерлигин колдоду деген суроого жооп берип жатып, Жээнчороев бүгүнкү күндө жеке амбициялардын же кандайдыр бир нааразычылыктардын же башка нерселердин убактысы эмес деп билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: