Menu

Орусия Алеппону кайра бомбалай баштады

Бөлүшүү:

Орусиялык аба аскер күчтөрү бир нече күндүк тынымдан кийин козголоңчулар кармап турган Алеппонун чыгыш бөлүгүн кайрадан бомбалай баштады.

Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматы боюнча Бустан аль-Каср жана Фардос райондорунда кеминде эле сегиз жай тургун мерт кетти. Шаардын бул бөлүгүндө 255 миңден кем эмес киши курчоодо калган.

“Бул Сирия режими авиасоккулардын интенсивдүүлүгүн азайтарын жарыялагандан берки орусиялык аскерлердин эң кубаттуу бомбалоосу болуп калды”, – деп билдирди Syrian Observatory for Human Rights уюмунун башчысы Рами Абдель Рахман. 5-октябрда Сирия армиясы Алеппонун чыгыш бөлүгүн бомбалоону азайтарын билдирип, жай тургундарды козголоңчулардан алысыраак болууга үндөгөн.

Уюмдун эсебинде, Орусиянын колдоосу менен Алеппону кайтарып алуу операцияларынан кеминде эле 290 адам набыт болду, алардын көпчүлүгү жай тургундар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: