Menu

ЖМК: Орусиянын Сириядагы аба соккуларынан үч жылда сегиз миң жай тургун мерт болду

Бөлүшүү:

Орусиянын Сириядагы үч жылдан берки аба соккуларынан кеминде 8 миң жай тургун жана куралдуу топтордун 10 миңден ашык мүчөсү мерт болду. Бул тууралуу Би-би-си Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борборуна шилтеме кылып билдирди.

Би-би-си күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын Сириядагы масштабдуу активдүүлүгү тууралуу жыйынтыктоочу маалымат таратканын, бирок анда каза болгон орус аскерлери менен жай тургундар жөнүндө эч нерсе айтылбаганына көңүл бурган. Мекеменин YouTube сервисиндеги расмий каналында 2015-жылдын сентябрынан бери Сирия жаңжалына 63 миңден ашык орусиялык аскер кызматкери катышканы айтылган.

Ал ортодо Орусия Коргоо министрлигинин расмий маалыматы боюнчаСириядагы операция башталгандан бери 80ден ашык орус аскер кызматкери курман болгон. Андан тышкары Москва кеминде 7 учак жана 6 тик учагынжоготкон.

«Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөш жүргүзүп келаткан АКШ башында турган коалиция 2014-жылдын августунан бери Сириянын жана коңшу Ирактын аймагына 30 миңден ашык аба соккусун жасаганын билдирген. Ошондой эле ал миссиянын алкагында миңден ашык жай тургун кокустан мерт болгонун моюнуна алган. Көз карандысыз укук коргоочулар бул сандар кеминде алты эсе азайтылып айтылган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Орусия аскерлерин Сирияга ал өлкөнүн президенти Башар Асаддын чакыруусу менен киргизгенин жана согуштук операциянын максаты «Ислам мамлекетине» каршы күрөш экенин билдирип келет.

Анткен менен батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары Орусиянын чыныгы максаты — куралдуу оппозицияга каршы согушуу жана Асаддын өкмөтүн сактап калуу экенин бир канча жолу билдиришкен. АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Москва Сирияда жай тургундардын өмүрүн көңүлгө албай, ал эмес аскердик кылмыштарды жасап жатышы мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: