Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага карата көптөн бери нааразы болгондор арбын. Бул айым кыргыз тилин билбейт. Билейин деген да ниети жок. Же кыргыз болбосо эле кыргыз тилине душмандык кыла береби? Учурда Бишкек шаарында кыргыз тилиндеги мектеп, бала бакча саналуу. Бул да болсо дал ушул Саулеге окшогон кадрлар кыргыз тилине кайдигер мамиле жасап, тескери саясат жүргүзүп жатканынын кесепети болууда. Мейрманованы иштен алуу маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Бирок экс-мэр Албек Ибраимов кулак сыртынан кетирип койгон. Эми жаңы мэр Азис Суракматов чара көрөбү дейин десек, өзү кыргыз тилин билбеген, жеригендердин көч башында туруп жатат. Деги мамлекеттик тилге күйгөндөр качан жетекчи болуп, абады оңдойт?…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ